Садыр Жапаров Баткенге барат

Эки күндүк иш сапарында президент чек арага чектеш айылдарга барары, өнөр жай ишканаларынын абалы менен тааныша турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, өлкө башчынын иш сапары 27-28-августка пландалган.

Садыр Жапаров чек арага чектеш айылдарга барары, өнөр жай ишканаларынын абалы менен тааныша турганы айтылды. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушмакчы.