Байден терактыдан кийин Афганистанга кошумча күчтөрдү жиберүүгө даяр

Буга чейин аскерлер Кабулдун аэропортундагы эвакуациялоо иштеринде коопсуздукту камсыздоо үчүн ошол жердеги контингенттин саны жетишерлик экендигин айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. – Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Кабулдагы терактыдан кийин Афганистанга кошумча күч таштоо боюнча аскерлердин бардык сурамдарын канааттандырарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Аскерлерге эгерде аларга кошумча күчтөр керек болсо, суроосун аткарууга уруксат береримди айттым", – деген Байден телеканалдар аркылуу элге кайрылуусунда.

Буга чейин аскерлер Кабулдун аэропортунда америкалыктарды, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын жана тобокел тобундагы жергиликтүү жашоочуларды эвакуациялоодо коопсуздукту камсыздоо үчүн ошол жердеги контингенттин саны жетишерлик экендигин айтышкан.

Байден Кабулдагы жардыруудан соң "Ислам мамлекетине" чабуул даярдоону буюрду
Эске салсак, кечээ, 26-августта, Афганистандын борбору Кабул шаарынын аба майданында эки жарылуу болгон. Анын бири чет элдиктер (АКШ жана Улуу Британия жарандары) чогулган Baron отелинин жанында жаңырган. Жан кечти террорчу бул ишти жасагандан кийин эле мина коюлган автоунаа да жарылган.

Афганистандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, 100дөй адам өлүп, 150гө чукул киши жарадар болду. Мурдагы кабарларда көз жумгандардын саны 40 киши деп айтылган болчу. Пентагондун маалыматтарына таянсак, каза тапкандардын арасында америкалык 13 аскер бар. Дагы 12си жаракат алган.