Бала 10 жашка толгондон кийин багып алуу үчүн анын макулдугу зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары адамдын жашына жараша ар кандай укуктарга жана милдеттерге ээ болуусуна мүмкүнчүлүк берет.
"Ар бир адам төрөлгөндөн баштап жашоого, коопсуздукка, эркин жүрүүгө, билим алууга жана башка ушул сыяктуу адам баласына таандык негизги укуктарга ээ. Алты жашка чыга электерге мектепке чейинки билим алуу укугу берилет. Жети жаштан тарта мектепке кирип, 9-класска чейин билим алып күбөлүк алышы шарт. Бала 10 жашка толгонго чейин ата-энеси никени каттаган органдарга кайрылып, аты-жөнүн өзгөртө алат. 10 жаштан өткөндөн кийин сөзсүз түрдө баланын макулдугу зарыл. Ошондой эле багып алууда да 10 жашка толгон баланын өз макулдугу керек. Ушул жаштан тарта бала ата-энеси ажырашканда кимиси менен калууну тандоо укугуна ээ болот", — деди Бакиров.
Юрист 10 жашка чейинки балдар жеке керектөөсү үчүн зарыл буюмдарды сатып алууга укуктуу экенин кошумчалады.