Изделип жаткан 14 жаштагы эки өспүрүм кыз табылды

Курбу кыздар 24-августта Бишкектеги Достук кичи районунан чыккан бойдон байланыш үзүлүп, милиция аларды издөөгө алып баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. 24-августтан бери изделип жаткан 14 жаштагы эки кыз табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга өспүрүмдөрдүн туугандары билдиришти.

Курбулар мурдагы күнү Достук кичи районундагы үйдөн Бишкекти көздөй чыгышкан, кийин алар менен байланыш үзүлгөн. Мындан улам кыздардын туугандары милицияга кайрылышкан.

Маалыматта айтылгандай, кыздар досторунун жардамы менен 25-августтун түнү Жалал-Абад шаарынан табылган. Жакындары кыздар Бишкекке келе жатканын кошумчалашты.