Бүгүн кечинде Бишкектин борбордук бөлүгү жабылат. Себеби

Кайгуул милициясы айдоочулардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бүгүн кечинде Бишкектин борбордук бөлүгү жол кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Аймак саат 17.00дөн 22.00гө чейин тосулат.

Кыймылга төмөнкү көчөлөрдө чектөө коюлары айтылды:

  • Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү — "Ала-Тоо" аянты;
  • Абдымомунов көчөсүнүн Орозбековдон Эркиндикке чейинки бөлүгү — эски аянт.

Кайгуул милициясы эртең эски аянт кечке чейин жабык болорун кошумчалады.

Көчөлөр Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга даярдык көрүү үчүн тосулмакчы.