Бишкекте Кыргыз-түрк достугу ооруканасы акыры ачылды

Ооруканада жалпы жонунан 72 орун бар, анын 21и реанимациялык койка. Мындан сырткары, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык жабдыктар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкекте Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Аземге саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, TIKA эл аралык уюмунун өкүлү Осман Уста жана түркиялык дарыгерлер катышты. 

Бишкекте Кыргыз-түрк достугу ооруканасы акыры ачылды
"Бүгүнкү күндү кыргызстандыктар көптөн бери күтүп келген. Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы бейтаптарды кабыл алууга даяр. Мында жогорку технологиялык операциялар жасалат жана жарандарга чет өлкөгө чыкпастан дарыланууга шарт түзүлөт. Стационар баштапкы этапта кардиологиялык, кан тамыр, торакалдык оорулар менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алат. Учурда бул жерде түрк адистери иштеп жатат. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги жергиликтүү адистерди тандоодо", — деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, келишимге ылайык оорукана үч жыл Кыргызстан жана Түркия тарабынан башкарылат.

"Үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында биз гастроэнтерология жана жалпы хирургия бөлүмүн ачууну пландап жатабыз. Оорукана толугу менен ишке киргенден кийин расмий ачылышына эки өлкө президенттерин чакыруу пландалууда", — деди Бейшеналиев.

Ооруканада жалпы жонунан 72 орун бар, анын 21и реанимациялык койка. Мындан сырткары, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык жабдыктар бар.

Темир тор артындагы өлүм: Кыргызстандын абактарында кантип дарылашат
Оорукана адистештирилген мекеме болгондуктан бейтаптарды башка стационарлардын багыттамасы менен гана кабыл алат. Дарылоо процесси башка ооруканалардагыдай эле мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында ишке ашырылат.

Медициналык кызматтын акысы Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик комитет тарабынан иштелип чыккан. Чет өлкөлүк бейтаптар үчүн өзүнчө баа коюлат.

Белгилей кетсек, медициналык борбор Түркиянын каражатына 2017-жылдын ноябрь айында эле курулган. Бирок үч жылдан ашык убакыт бою иштебей турган. 2020-жылдын март айында Түркия оорукананы COVID-19 менен жабыркагандарды дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берген. Оорукананы ачуу маселеси көп жолу көтөрүлгөн. Депутаттар оорукананын ишинен 2 миллион доллар таза киреше түшөрүн айтышкан.