"Талибан"* өкүлү: Россия жана Кытай менен мамилебиз жакшы

Талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Иран, Кытай, Пакистан жана Өзбекстан менен эски байланыштары бар экендигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Талибандын" Россия, Кытай жана башка коңшу өлкөлөр менен мамилеси жакшы деп билдирген талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Al-Mayadeen телеканалына.

"Кытай жакшы коңшубуз, мамилебиз дурус. Россия менен да ошондой", — деген ал.

Наимдин айтымында, "Талибан" менен Иран, Кытай, Пакистан жана Өзбекстанды мурдагы байланыштары бириктирип турат. Батыш державаларынан айырмаланып, бул мамлекеттер талибдердин бийликке келишине түйшөлгөн жок.

"Бизде алака түзүлүп калган, коңшу мамлекеттер менен байланыштабыз жана алардын өнүгүшүн каалайбыз", — деген Наим.

Ал мурдараак талибдер Кабул шаарында Кытайдын делегациясы менен жолугуп, Афганистандагы абалды, эки тараптуу кызматташууну, андан сырткары, аталган мамлекеттин гуманитардык жардамы тууралуу сөз болгонун айтты.

31-августтан кийин Афганистан эч кимди чыгарбайт. Дүйнө коомчулугу кандай пикирде
Россия ТИМинин жетекчисинин орун басары Олег Сыромолотов РИА Новости маалымат агенттигине Москва террордук уюмдардын тизмесинен "Талибан" кыймылын өчүрүүгө жана Афганистандын жаңы бийлигин таанууга анча шашылбай тургандыгын билдирген. Өлкөнүн жаңы бийлигинин кадамдарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү чечимдерине ылайык иш алып бара тургандыгын кошумчалаган.

Кытайдын ТИМинин өкүлү Хуа Чуньин аталган темада мурдараак кеп кылган. Анда Кытай Афганистандын мамлекеттик көз карандысыздыгын урматтаган мамиленин негизинде жана өлкөдөгү ар кыл партиялардан улам "Талибан" менен байланышта болорун айткан. Муну менен катар эле аталган кыймыл сырткы жана ички саясатты акыл-эс менен жүргүзөт деген ишенимде экендигин кошумчалаган.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.