Сот Темир Сариевдин абактагы мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырды

Саясатчынын жактоочулары Сариевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-Авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.

Тергөө абагындагы Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыкты
Маалыматка ылайык, Сариевдин жактоочулары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылышкан. Бүгүнкү өткөн отурумда сот райсоттун чечимин күчүндө калтырган.

Эске салсак, Темир Сариев Биринчи май райондук сотунун 4-августтагы чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген

Экс-премьер 3-август күнү Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камалган. Ал экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин ишинен экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелип жатат.