Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шаханов тууралуу тасма тартылат

Чыгармачыл сапардын алкагында казак акыны "Ата-Бейит" тарыхый комплексинде, Айтматовдун үй-музейинде жана Ысык-Көлдө болду.
Sputnik
Кыргыз-казак достугун даңазалаган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Тасма Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз улуттук киностудиянын көмөгү менен тартылып, ага Руслан Машрапов режиссерлук кылууда.
Кыргыз-казак өнөрпоздору эки күн бою "Сармерденде" күч сынашат