Афганистандын экс-министри Германияда пицца ташып иштеп жатат. Сүрөт

Мурдагы министр Германияга 2020-жылы өкмөт анын отставкасын талап кылгандан кийин кеткен. Ага чейин ал Афганистандагы айыл жерлеринде мобилдик байланышты кеңейтүү тармагын карап келген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Афганистандын байланыш жана маалымат технологиясы боюнча мурдагы министри Сайед Ахмад Шат Саадат эми Лейпцигде курьер болуп иштеп жатат. Бул тууралуу EHA News маалымат порталы билдирди.

Маалыматка караганда, экс-министр Lieferando жеткирүү кызматында эмгектенип, велосипед менен пицца ташыйт.

​Leipziger Volkszeitung гезити жазгандай, 2018-жылдан бери ал президент Ашраф Ганинин алдындагы министрлер кабинетинин курамында болчу. Сайед Ахмад Шат Саадат айыл жерлеринде мобилдик байланышты кеңейтүү тармагын карап келген. 2020-жылы Ганинин өкмөтү аны отставкага кетүүгө мажбур кылган. Себеби Саадат өзү башкарган министрликтин каражатын "Талибан"* кыймылы менен күрөшүүгө багытталган мамлекеттик стратегияга берүүдөн баш тартып койгон. Жыйынтыгында экс-министр Германияга кетип, ошол жакта жашап калган.

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. 15-августта согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

"Талибан"*: афгандыктар өлкөдөн коркконунан эмес башка себептен качып жатышат
16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени маалым болду.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.