Мээрим Жуманазарова Манас ордени менен сыйланып, 7 млн. сом жана унаа алды

Жуманазарова президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирип, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Токио Олимпиадасында күрөш боюнча коло медаль уткан Мээрим Жуманазарова III даражадагы Манас ордени менен сыйланып, 7 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин колунан Toyota RAF 4 автоунаанын ачкычын алды. 

Мээрим Жуманазарова Манас ордени менен сыйланып, 7 млн. сом жана унаа алды

Жапаров Айсулуу менен Акжолго Манас орденин ыйгарып, унаа жана 10 млн. сом берди
Жуманазарова президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирип, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Азыркы тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Олимпиаданын байге ээлерин сыйлоо аземи өтүп жатат.

Эске салсак, 3-августта Жуманазарова күрөш боюнча 68 килограмм салмак категориясында Олимпиаданын коло медалын утуп алган. Муну менен ал кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадада медаль алган алгачкы кыргызстандык балбан болуп калды. Ал болгону 21 жашта.