Кааласа келсин. "Талибан"* Афганистан президенти Ганиге мунапыс бергенин айтты

Талибдер жогорку кызматтагылардан сырткары генералдардан тарта жөнөкөй кишилерди кечиребиз деп жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Афганистандын президенти Ашраф Гани менен вице-президент Амрула Салехке мунапыс жарыялап, алардын мекенине келишине уруксат берди. Бул туурасында РИА Новости талибдердин лидерлеринин бири Халил ур Рахман Хаккани пакистандык Geo TV телеканалына таянып кабарлады.

"Биз Ашраф Гани, Амрулла Салех жана Хамдулла Мохибди (Афганистан президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси) кечиребиз. Биздин тарап генералдан тарта (бизге каршы согушкан) жөнөкөй кишилерге чейин ырайым кылат", — деген Хаккани.

Согушкерлердин лидерлеринин бири талибдер менен бул үч кишинин ортосундагы каршылык динден улам келип чыкканын кошумчалаган.

Афганистандагы абал акыркы апталарда, тагыраагы, талибдер өлкөдөгү ири шаарларды басып ала баштаганда кыйындады. ЖМКлар менен маалымат булактары 15-августта козголоңчулар чек арага жер менен өткөн аймактарга көзөмөл орноткондугун кабарлады. Бир аз өтпөй ошол эле күнү согушкерлер Кабулга киришкендигин жана президенттик сарайды алгандыгын жар салды.

Талибдерге жалгыз каршылык көрсөткөн Панжшерге чабуул жасалууда
Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салды.

Гани өлкөдөн качкандан үч күн өткөн соң Бириккен Араб Эмирлигинен видео кайрылуу жасап, жакынкы күндөрү мекенине кайрылып келерин айткан. Вице-президент Амрулла Салех Баш мыйзам боюнча мамлекеттин башчысы болуп каларын билдирип, талибдерге курал менен каршы чыгууга чакырык жасады.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.