Жапаров бүгүн Афганистандагы кырдаалды талкуулоо үчүн ЖККУ жыйынына катышат

Иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Кыргызстан президенттери, Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышары күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга арналган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Афганистандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу маселелери талкууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Сессия Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт. Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышат.

Афганистандагы кырдаал

Байден эмне себептен Афганистандан аскерлерди чыгарып жатканын түшүндүрдү
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени маалым болгон.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.