Президент Жапаров олимпиадачыларга берген Toyota автоунаалары канча турат

"Тойота Центр" борбору автоунаалар алардан сатып алынганын тастыктап, темир тулпарлар 2021-жылы чыкканын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Олимпиада оюндарында медаль алган спортчуларга берилген Toyota Rav 4 үлгүсүндөгү автоунаалар 3,3 миллион сом турары (39 миң доллардан бир аз жогору) Toyota Center Bishkek борборунун сайтында жазылган.

Бүгүн мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана коло байгенин ээси Мээрим Жуманазаровага бирден автоунаа тапшырды. Коомдук телерадиокорпорациясынан машиналар президенттин атынан берилгени кабарланды.

"Тойота Центр" борбору автоунаалар алардан сатып алынганын тастыктап, темир тулпарлар 2021-жылы чыкканын айтышты.

Олимпиадалык команданы сыйлоого 59 миллион сом бөлүндү
Бул үлгүдөгү унаалардын баасы кубаттуулугуна жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша да айырмаланып турат. Мисалы, кыймылдаткычынын көлөмү 1987 куб сантиметрликтери 3 миллион 323 миң 500 сом болсо, чакырымына 2,5 литр бензин сарптаганы 3,5 миллион сом турат.

Президент белекке берген автоунаалардын өзгөчөлүктөрү азырынча белгисиз.

Айсулуу Тыныбекова соцтармак аркылуу президентке белек үчүн ыраазычылык билдирди.

Сыйлык алган спортчулардын толук тизмеси менен таанышыңыз.