Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу өтөт

Министрдин айтымында, Афганистандагы окуялардын фонунда мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү бир катар конкреттүү жамааттык чараларды камтыйт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) күчтөрү Кыргызстанда машыгат. Бул тууралуу КРдин тышкы иштер министри Руслан КазакбаевРИА Новостиге билдирди.

Анын айтымында, "Рубеж-2021" аталышындагы машыгуулар 1-9-сентябрда "Эдельвейс" полигонунда өтөт.

"Афганистандагы окуялардын фонунда ЖККУнун алкагындагы аракеттердин ичинде бир катар конкреттүү жамааттык чаралар камтылган", — деди ТИМ башчысы.

Ал ошондой эле Тажикстанда, афган чек арасына жакын жерде дагы бир катар машыгуулар өтөрүн белгилеген.

Афганистан жарандарына Кыргызстанга кирүү үчүн виза берүү убактылуу чектелди
ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан кирет.

Эске салсак, учурда Афганистанда саясий абал абдан курч бойдон турат. Аталган өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн согушкерлердин "Талибан"* кыймылы басып алган. Козголоңчулар өлкөнүн борбору Кабулга 15-августта кирип, толук көзөмөлгө алгандыгын жар салышкан. Ал эми мамлекеттин башчысы Ашраф Гани БАЭге качып, баш калкалаган.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.