Футболчу Мирлан Мурзаев Айшвария Райдын күйөөсү ээлик кылган клубга өттү

Мурзаев шаардык клубдун атынан 2019-жылдан бери ойноп келген. Ал 22 расмий оюнга катышып сегиз жолу гол киргизип, сегиз топту ийгиликтүү ашырып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Чабуулчу жана "Дорбой" футбол клубунун капитаны Мирлан Мурзаев "Ченнаи" (Индия) клубуна өттү. Бул тууралуу "Дордой" ФКнын маалымат кызматы билдирди.

31 жаштагы футболчу Бишкектин командасынан өз каалоосу менен кетип жатканын айткан.

Кыргызстандын быйылкы чемпионатында Мурзаев 22 расмий оюнга катышып сегиз жолу гол киргизип, сегиз топту ийгиликтүү ашырып берген. 2019-жылдан бери "Дордойдун" катарында болуп келген спортчу ага чейин Түркияда, Израилде жана Россияда ойногон.

Футбол күйөрмандарына майрам! Бишкекте күзүндө өтчү турнирдин проморолиги
Мурзаев Кыргызстандын курама командасынын эң мыкты бомбардири болуп саналат (14 гол киргизген).

"Ченнаи" клубу индиялык Суперлигага (жогорку лига) чыгып келет. Клуб 2014-жылы гана түптөлгөн. Ошентсе да анда Италиянын курамында жүрүп дүйнө чемпиону болгон Марко Матерацци менен Алессандро Неста ойногон.

Индиялык актер жана продюсер Абхишек Баччан клубдун ээлеринин бири болуп саналат. Ал — актриса жана модель Айшвария Райдын жолдошу.