БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Сент-Луистеги (АКШ) Вашингтон университетинин медициналык мектебинин окумуштуулары коронавирустун бардык мутацияларын жок кылууга жөндөмдүү антитело табышты. Бул тууралуу РИА Новости ЖОЖдун расмий сайтына шилтеме кылып жазды.
Авторлор 43 үлгүнү алып, SARS-CoV-2нин баштапкы вариантын анализдеп чыккан. Андан кийин эң кубаттуу делген 9 бөлүкчөнү кемирүүчүлөргө сынаган соң, эң майнаптуу делгендерин тандап алган.
Жыйынтыгында SARS2-38 коронавирустун кеңири таралган "альфа", "бета", "гамма", "дельта", "каппа", "йота", андан сырткары сейрек кездешкен түрлөрү менен күрөшө алары аныкталган. Окумуштуулардын айтканына караганда, SARS2-38 вирустун өзгөрүүсүз кала турган S белогу менен биригип кетет. Табылган антителонун уникалдуу өзгөчөлүктөрү бар, ал төмөнкү концентрацияда жок кылуучу жана инфекциянын козгогучтарына бардыгына таасир этүүчү касиетке ээ экени айтылды.
Мындан ары да вирустун мутация болуу тобокелдиги четке кагылбагандыктан улам, натыйжалуу түрдө жок кыла турган антителолор зарыл. Окумуштуулар уникалдуу бул антителолор организмдин иммунитетин өз алдынча да, дарылоо менен кошулуп да коргоп турат деген жыйынтык чыгарышкан.