Күйөрмандар футболчулар менен оюн учурунда талаадан мушташа кетти. Видео

Франциядагы футбол лигасынын үчүнчү туру "Ницца" жана "Марсель" футбол клубдарынын мушташы менен аяктады.
Sputnik

Goal.com порталы маалымдагандай, оюн "Ницца" командасынын күйөрмандарынын ызы-чуусунан улам 75-мүнөттө токтотулган. Беттештин жүрүшүндө "Ниццанын" күйөрмандары отурган тараптан "Марсель" командасынын жарым коргоочусу Димитри Пайетага бөтөлкөлөр ыргытылып турган.

Молдовада аткаминерлер түз эфирде согушуп, бири эсин жоготту. Видео
Кийинчерээк мындай көрүнүш экинчи таймдын ортосунда кайталанып, Пайетага бөтөлкөлөрдүн бири тийген. Жинденген футболчу бөтөлкөнү алып трибунага ыргыткан. Ошол эле учурда Пайетанын клубундагы эки адам Альваро Гонсалес менен Маттео Гендузи трибунаны көздөй чуркашкан. Алар каршылаштарынын фанаттарына бир нерселерди айтып кыйкырышкан.

"Ниццанын" фанаттары чыдабай оюн талаасына чыгып, жыйынтыгында массалык мушташ башталган. Мушташка "Ницца" командасынын спортчулары да кошулган. Алардын жарымы фанаттарын жоошутса, теңи атаандаштары менен кармашканы айтылды.

Мындан улам оюн токтоп, бир саатка чукул эки команда тең трибуна жакта жүрүшкөн. Андан кийин арбитр кайра оюнду баштаган. "Ниццанын" футболчулары менен калыстар келип, бирок атаандаштары беттештен баш тартып койгону маалым болду. Мушташтан "Марсель" командасынын үч спортчусу жаракат алган. Фанаттар аларды муунтууга аракет кылганы айтылды.