Алардын үнүн жеткирем. Анжелина Жоли афган элин колдоп Instagram аккаунт ачты

Актриса алгачкы постун 21-августта чыгарып, анда Афганистандагы өспүрүм кыздын ага жазган катын жарыялады.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Голливуддук актриса Анжелина Жоли афганистандыктарды коргоо максатында Instagram тармагынан жаңы аккаунт ачты.

Ал социалдык тармакка биринчи ирет катталып жатат. Бирок баракчасына кошулгандардын саны бат эле 7 миллиондон ашты.

Актриса алгачкы постун 21-августта чыгарып, анда Афганистандагы өспүрүм кыздын ага жазган катын жарыялады. Ошондой эле ал өлкөдөгү кырдаал боюнча пикир калтырган.

"Азыркы тапта Афганистандын эли социалдык тармактан баарлашуу жана өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатат. Ошондуктан мен өзүнүн негизги укуктары үчүн күрөшүп жаткандардын окуялары жана үнү, ой-пикири менен бөлүшүп туруу үчүн Instagram тармагына келдим", — деп жазган Жоли.

Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүп, 500 студентти кабыл алат
Аны менен катар бийлик алмашууга байланыштуу өлкөдөн качып чыгууга мажбур болгондорго кайгырып турганын билдирди. Актриса качкындарга жардам көрсөтүүнү убадалаган.

Көптөгөн интернет-колдонуучулар Голливуд жылдызына социалдык тармакты максаттуу түрдө пайдаланып жатканына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Анжелина Жоли чыгармачылыктан сырткары кайрымдуулук иштери менен активдүү алектенет. Ал БУУнун ыктыярдуу элчиси, буга чейин да бир нече жолу муктаж өлкөлөргө гуманитардык жардам жеткирип келген.