Афганистан жарандарына Кыргызстанга кирүү үчүн виза берүү убактылуу чектелди

Кыргызстанда билим ала турган афганистандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашылып, сүйлөшүү стадиясында турат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кызматтык жана дипломатиялык визаларды эске албаганда Афганистандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Афганистандагы азыркы аскердик-саясий абалды эске алып, Кыргызстанга бейчеки адамдардын жана баш паанек издеп, массалык каптап кирип кетүүсүнүн алдын алуу максатында Афганистандын жарандарына виза берүү убактылуу чектелди. Бул тартип кызматтык жана дипломатиялык визаларга (дипломаттар жана расмий делегациялардын өкүлдөрү) тиешелүү эмес", — деп айтылат маалыматта.

Казакбаев: АКШ Афганистандагы аскерин Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча кайрылган
Андан сырткары, афганистандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашылып, сүйлөшүү стадиясында экендиги айтылды.

Эске салсак, учурда Афганистанда саясий абал абдан курч бойдон турат. Аталган өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн согушкерлердин "Талибан"* кыймылы басып алган. Козголоңчулар өлкөнүн борбору Кабулга 15-августта кирип, толук көзөмөлгө алгандыгын жар салышкан. Ал эми мамлекеттин башчысы Ашраф Гани БАЭге качып, баш калкалаган.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.