Ооруган Чокморовду Фрунзеге тик учак менен жеткирип... "Жалаң эркектердеги" ирмемдер

Sputnik

Белгилүү кинорежиссер Альгимантас Видугирис 1981-жылы энергетиктер жөнүндө "Жалаң эркектер" тасмасын тарта баштаган. Анда операторлук милдетти Манас Мусаев аткарып, сүрөтчүсү Өмөркул Бөрүбаев болуп, музыкасын Шандор Каллош жазган. Киночулар чоң дарыя, кокту-колоттордо иштеп, тик учак, оор техникаларды пайдаланган.

Кинокартина авариялык абалга кептелген жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдогон адистердин эмгегине арналып, анда сүйүү, достук, адамдар ортосундагы мамиле көрсөтүлөт.

Тартуу учурун кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Ошол жылдары Кыргызстанда ГЭСтер биринин артынан бири курулуп, ата мекендик гидроэнергетика болуп көрбөгөндөй өнүккөн. "Жалаң эркектерди" тартууда режиссер Альгимантас Видугирис экстремалдуу кадрларды камерага өзү түшүргөн. Бизге гидроэнергетиктер кеп-кеңешин, жардамын берип, техникасы менен тасма тартууга көмөктөшкөн. Фильмди аяктап калганда актерлордун жүрүп бара жараткан автоунаага жүгүрүп жетип түшкөн эпизодун тартып калдык. Үчүнчү жолу тартылып жатканда башкы ролдогу Сүймөнкул Чокморов чалынып кетип, ооруп жүргөн бөйрөгү менен ташка тийип тура албай калган. Чыгармачыл топ Сүймөнкулду тик учак менен Фрунзеге жеткиргенбиз. Киночулар актеру жок калгандыктан дублер издеп таап, тартып бүтүрүшкөн. Ал эмгек ошондой кыйынчылыктар менен жаралган", — деди Федоров.

Нигматулин сүйүүсүнө жолуккан тасма. "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүүдөгү" ирмемдер
Көркөм тасмада сюжети боюнча бийик тоолуу аймакта көчкү жүрүп, анын кесепетинен электр чубалгылар талкаланып, калк жашаган аймактар жарыксыз калат. Тайманбас энергетиктердин тобу башынан оор кыйынчылыктарды өткөрүп, өз өмүрүн тобокелчиликке салып элге электр энергиясын жеткирет.

Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов эр жүрөк бригадир Касымдын ролун аткарып, Дилором Камбарова, Советбек Жумадылов, Владимир Скоропись, Вячеслав Жолобов, Болот Макеев, Муса Дудаев, Елена Мельникова образ жараткан.

Аталган эмгек эл аралык фестивалдарда да ийгилик жараткан. Мисалы, Сириянын Дамаск шаарында өткөн эл аралык фестивалда "Күмүш кылыч", Чехияда "Хрусталь ваза" сыйлыгын алып, Франция, Өзбекстандан байгелүү кайткан.

1 / 12
Белгилүү актер Сүймөнкул Чокморов тайманбас энергетик Касымдын ролунда
2 / 12
Тасмада өзбек актрисасы Дилором Камбарова Сүймөнкул Чокморов жараткан каармандын сүйүктүүсү болгон
3 / 12
Иш маалында кинорежиссер Альгимантас Видугирис менен оператор Манас Мусаев
4 / 12
Жылан менен ойногон актерлор Владимир Скоропись менен Болот Макеев
5 / 12
Дарыянын аркы өйүзүнө техниканы өткөрүүгө аракет кылган энергетиктер
6 / 12
Ак калпакчан Чокморов менен баарлашкан Видугирис, камера артында оператор Манас Мусаев
7 / 12
Унаанын үстүндө, кооптуу жерде тартылып жаткан актер Сүймөнкул Чокморов
8 / 12
Жээкте "сүйүктүүсүн" кучактаган Чокморов. Жалал-Абад облусу, Сары-Челек көлү, 1981-жыл.
9 / 12
Жүк ташуучу унаанын үстүндө Чокморов, ылдый жагында камерага тарткан Видугирис
10 / 12
Сары-Челекте иштеген киночулардын маңдайында отурган актриса Дилором Камбарова
11 / 12
"Жалаң эркектерди" жаратууда чыгармачыл топ оор шартта иштеген
12 / 12
Аталган кинокартина кийин бир топ эл аралык фестивалдарды багындырган