Кыргыз волейболчуларын колдойлу! Кадамжайлыктар 6 бус менен Ферганага кетти. Видео

Бүгүн Кыргызстандын командасы Борбор Азия чемпионатынын финалында Казакстан менен баш байгени талашат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын волейбол боюнча командасын колдоо үчүн Өзбекстандын Фергана шаарына Кадамжай районунан алты кичи автобус толо эл кетти. Бул туурасында аталган райондун аппарат жетекчиси Толкун Камбаров Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз волейболчулары Борбор Азия чемпионатынын финалында Казакстандын командасы менен баш байге үчүн ат салышат. Беттеш саат 17:30да башталмакчы.

Улуттук команданы колдоп-сүрөө үчүн Кадамжайдын акимчилиги эл чогултуп алып барууну уюштурган. Натыйжада алты бус менен чыгып кетишти.

"Кыргызстандын волейбол командасынын курамында биздин Кадамжайдын тургундары дагы бар. Фергана бизге жакын болгондуктан, барып спортчуларыбызга дем-күч берүүнү чечтик. Аралыгы 40 чакырым, жарым саатта жетсе болот", — деди Камбаров.

Кыргызстандыктарды район акиминин орун басарлары Жаныш Курбанов менен Мээркан Асанова жетектеп кеткен.