Кабулдун аэропорту 48 саатка жабылды

Ошол эле учурда аэрпорттун дарбазасынын алдына өлкөнү таштап кетүүнү каалаган миңдеген адам чогулган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаарындагы аэропорт аймагындагы элди эвакуациялоо үчүн аба майдан 48 саатка жабылат. Бул тууралуу Khaama Press басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда аэрпорттун дарбазасынын алдына өлкөнү таштап кетүүнү каалаган миңдеген адам чогулган.

Талибдер жакынкы сааттарда кырдаалды жөнгө салып, аба мейкиндигине чыгуу процедурасын жеңилдете турганын билдиришти.

Афганистандагы кырдаал

Трамп америкалык аскерлер Афганистанга кайра кайтышы мүмкүн экенин айтты
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Өткөн жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.