Тажик тарап "Головнойдун" жака-белине кайрадан траншея казып, цемент куюп жатат

Тажикстандыктар кечээ траншея казып, бүгүн саат 11:15тер чамасында ага цемент куюу үчүн опалубкаларды коё баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Тажик тарап "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында жер казып, ага цемент куюп жатат. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тажикстандыктар кечээ, 21-августта, Ак-Суу дарыясынын батыш тарабына траншея казып, ал эми бүгүн саат 11:15тер чамасында ага цемент куюу үчүн опалубкаларды коё баштаган.

"Азыркы тапта Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү макулдашылбаган жерди казып мамлекеттик чек аранын жанына траншея салып жатканы боюнча жолугушуу өткөрүүдө. УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын жанында курулуш иштерин жүргүзбөө боюнча жетишилген макулдашууну ушуну менен бир нече ирет бузуп жатканын белгилейт", — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда кыргыз-тажик тилкелеринде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Чек ара кызматы кырдаалга байкоо салып жана көзөмөлдөп жатканы белгиленди.

Чек арадагы бардык бөлүмдөр, анын ичинде өткөрмө пунктулары кадимки режимде кызматын өтөп жатат.