Футбол күйөрмандарына майрам! Бишкекте күзүндө өтчү турнирдин проморолиги

2-7-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" эл аралык жолдоштук мелдеш өтөт.
Sputnik

Жолдоштук мелдешке Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш улуттук курама командалары катышат. Турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата болот.

Футбол сүйүүчүлөр оюнду Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондон көрө алышат. Бирок стадион толо эл болбойт. Футбол союзу СOVID-19 пандемиясына байланыштуу оюндарга стадиондун теңине гана көрүүчүлөр киргизилерин эскертти.

Оюнга билеттер 26-августтан тарта "Фрунзе" гипермаркети менен стадиондун кассасында сатылып баштайт. Билет боюнча маалыматтарды (0558) 98-61-00 номерине чалып билсе болору айтылды.