Талибдер өкмөттүн армиясындагы 145 аскерди эркиндикке чыгарды

Бийлик талибдердин колуна өткөндөн бери Афганистанда кээ бир өкмөт өкүлдөрү, анын ичинде аскерлер белгисиз болуп жатканы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Герат провинциясында өкмөттүн армиясындагы 145 аскерди боштондукка чыгарды. Бул тууралуу Al-Jazeera телеканалына ишенимдүү маалымат булактар билдирген.

Буга чейин ЖМКлар Афганистандын айрым бийлик өкүлдөрүнүн туткунга алынганы же жоголгону белгисиз болуп жатканын кабарлашкан. Алардын ичинде өкмөттүк армиядагы аскерлер да бар болчу.

Афганистандагы кырдаал

Кабулдун аэропорту 48 саатка жабылды
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Өткөн жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.