БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. UFC уюмунун экс-мушкери Кэт Зингано актриса Холли Беррини сотко берди. Бул тууралуу жолдонгон арыздын текстине таянып TMZ порталы жазды.
Зинганонун айтымында, Берри өзүнүн "Көгала болгондо" тасмасында роль убада кылган. Фильмде актриса режиссёрлук кылуу менен кошо башкы ролдо ойногон.
Спортсмен кыздын айтымында, 2019-жылдын июль айында актриса аны менен жолугуп, өзүнүн дебюттук тасмасында роль сунуш кылган.
"Холли андан тасма тартылып бүткөнгө чейин эч кандай спорттук иш-чараларга катышпай турууну өтүнгөн. Ошол маалда спортчуга UFC уюмунан ири сумма төлөнүүчү беттеш сунушталган. Промоушен менен атлеттин ортосунда келишим болгон. Берри мушкерге ар кандай жаракаттан этият болуу үчүн беттешке чыкпай туруу кеңешин берген. Кэт анын өтүнүчүнө макул болуп, беттештен баш тарткан", — деп айтылат маалыматта.
Ошол убакта жеңил салмакта чемпиондукка талапкер болгон Зингано беттешүүдөн баш тарткан соң UFC аны менен келишимди токтоткон.
Кийин Кэт тасма боюнча Берриге кайрылганда, ал UFC уюмундагы мушкерлер менен иштешерин билдирип, аны менен кызматташуудан баш тартканын айткан.
Эми спортчу мушташтан баш тартып, промоушенден куулганда тарткан чыгымынын ордун сот аркылуу толуктоону талап кылат.
"Көгала болгондо" ("Bruised") тасмасында ММА спортундагы Жеки аттуу мушкер кыз (анын ролун Холли Берри ойногон), анын маанилүү беттеште жеңилгенден соң карьерасында ийгиликсиз учур башталганы тууралуу айтылат. Кыйын сыноонун чеңгээлинде калган спортчу бир кезде карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы уулу менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп, жан дүйнөсүнө тынчтык орнобой коёт. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экенине карабай макул болот.
Аралаш мушташтын жылдызы, Жекинин башкы атаандашынын ролун кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко ойнойт. Тасма 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.