Өзбекстанды утуп алган кыргыз волейболчулары финалга чыкты. Видео

Чечүүчү кармашта улуттук команда биринчи жарым финалда Тажикстандын оюнчуларын жеңген Казакстан менен кез келет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионатында жарым финалга чыккан Кыргызстандын командасы өзбекстандык атаандаштарын 3:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирди.

Таймаш Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүдө.

Буга чейин улуттук команда Тажикстандын волейболчуларын караандатпай утуп алган.

Финалда улуттук команда биринчи жарым финалда Тажикстандын оюнчуларын утуп алган Казакстан менен кез келет. Чечүүчү беттеш 22-августка белгиленген.