Кыргызстанда рактан жабыркаган балдар улуттук протокол боюнча дарыланат

ДССУнун өлкөдөгү өкүлүнүн билдиришинче, ушул кезге чейин балдарды кайсы протокол менен дарылоо керек деген маселе болуп келген. Азыр жумушчу топ үч протоколду иштеп чыгып, талкууга койду.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда рактан жабыркаган балдар улуттук протокол боюнча дарыланат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун КРдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова билдирди.

Ал Чолпон-Ата шаарында өткөн "Кыргызстандагы балдар онкологиясы кызматынын өнүгүшү жана оптимизациясы" аталышындагы талкууга катышты.

Артыкова белгилегендей, ДССУ 2030-жылы өзүнө онкологияга чалдыккан 1 миллион баланын өмүрүн сактап калуу тапшырмасын койгон. Себеби оору кеч аныкталып, ага чалдыккандардын 80 пайызы жашап кете албай калат.

"Ушуга байланыштуу 20-августта биз балдар онкологиясынын эң курч көйгөйлөрүн талкуулап, жакын арада чечүү жолдорун табуу үчүн тегерек столго чогулдук. Биз өлкөнүн булуң-бурчунан эксперттерди, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн алдыңкы адистерин чакырдык. Жакында Франциядан эксперттер келишет. Алдыда чоң иш турат", — деди ДССУнун өлкөдөгү өкүлү.

КРде онкологиялык илдеттер боюнча каттоодо тургандардын 98 пайызы аялдар
Анын айтымында, ушул кезге чейин балдарды кайсы протокол менен дарылоо керек деген маселе болуп келген. Азыр ДССУнун сунуштары менен жумушчу топ түзүлүп, үч протокол иштелип чыгып талкууга коюлду.

"Эмнеге биз улуттук протокол деп жатабыз? Анткени протоколдун тизмесине киргизиле турган дары-дармектер биринчи кезекте мамлекеттик сатып алуулар жана жеке сатып алуулар үчүн жеткиликтүү болот жана калкка кепилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик пакетине кошулат", — деди Артыкова.

ДССУнун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнөдө онкологиялык ооруга чалдыккан 5 миллион бала көз жумат.