Ысык-Көлдө журналисттерди алып бараткан бус кырсыктады

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирикмесине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышкан жыйынды чагылдырышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда журналисттерди алып бара жаткан кичи автобус жол кырсыгына кабылгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы саат 20:00дөр чамасында Балыкчыдан анча алыс эмес Көк-Мойнок айылында болгон. Кырсыкка үч унаа кабылып, алардын бири — журналисттерди ташып бара жаткан кичи автобус болгон. Оор жаракат алгандар жок.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Ысык-Көлдө Евразия экономикалык бирикмесине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышкан жыйынды чагылдырып жүрүшкөн.