Крымда Koktebel Jazz Party эл аралык фестивалы башталды

Эл аралык фестиваль 20-22-август күндөрү өтөт. Пандемияга байланыштуу эпидемиологиялык эрежелер дыкат сакталат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Крымдагы Коктебель артисттердин айылында Koktebel Jazz Party эл аралык фестивалы башталды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Жаз-фестиваль 22-августка чейин уланат. Жергиликтүү тургундарга жана иш-чаранын конокторуна россиялык жана чет өлкөлүк ырчылар концерт тартуулайт. Ошол эле учурда уюштуруучулар эпидемиологиялык талаптарды дыкат сактап жатат.

"Koktebel Jazz Party — адамдарга жагымдуу маанай, жүзүнө жылмаюу, деңиз абасын тартуулайт. Бул деңиз жээгиндеги сахнада тандалган жылдыздар жана жаштардан турган топ чыгып эстен кеткис концерт өткөрөт", — деп маалымдады уюштуруучулар.

Парад, айтыш, кино. Эгемендүүлүк майрамында өтчү иш-чаралардын тизмеси
Koktebel Jazz Party концерти быйыл жаңы форматта өтүп жатат. Музыканттардын ырлары телевизиондук форматта дагы жеткиликтүү болот. Фестивалдын трансляциясын алардын сайтынан жана социалдык тармактагы баракчаларынан көрө алышат. Концертке келгендердин саны чектелүү.

Koktebel Jazz Party 2003-жылы журналист Дмитрий Кисилёвдун жеке демилгеси менен негизделген. Анын айтымында, ушул кезге чейин дүйнөнүн ар кайсы жагынан келген 200дөн ашуун чыгармачыл топ катышкан.

2017-жылы Koktebel Jazz Party фестивалына Россиянын президенти Владимир Путин конок катары келип кеткен. Бул иш-чараны уюштуруу иштери менен "Красный квадрат" медиагруппасы алектенет.