Бишкекте "Үч улуттун кубогу" футболдук мелдеши өтөт. Убакыт-сааты

Жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкекте футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" эл аралык жолдоштук мелдеш өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирип, беттештердин убакыт-саатын жарыялады. 

Ага Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш улуттук курама командалары катышат.

"Бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Оюндар 2-7-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Кубоктун алкагындагы оюндардын расписаниеси:

  • 2-сентябрь

Кыргызстан — Палестина

  • 5-сентябрь

Палестина — Бангладеш

  • 7-сентябрь

Кыргызстан — Бангладеш

КФС СOVID-19 пандемиясына байланыштуу оюндарга стадиондун теңине гана көрүүчүлөр киргизилерин эскертет.