Чолпон-Атада ЕАЭБ премьерлеринин жыйыны кандай өттү. 14 сүрөт

Sputnik

Бүгүн, 20-августта, Ысык-Көлдүн жээгинде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген форматтагы жыйыны өттү.

Железнодорожные цистерны для нефтепродуктов
ЕАЭБ өлкөлөрү мунай жана мунайзаттын бирдиктүү рыногун түзүүгө макулдашты
Интеграциялык бирикменин актуалдуу маселелерин Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Армениянын өкмөт башчылары талкуулашты. Иш-чарага Өзбекстан менен Кубанын премьер-министрлери да байкоочу катары катышты.

Премьерлер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы ишенимдүү түрдө калыбына келип жатканын белгилешти. Соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча келишимдер тууралуу сүйлөшүп, ошондой эле бир катар документтерге кол коюшту.

Иш-чарадагы кадрларды Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.