БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкекте шаар тургундарынын көптөгөн өтүнүчү менен №17 автобустук маршрут ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Коомдук транспорт "Красный строитель — Кызыл-Аскер" айланма схемасы боюнча эл ташыйт. Маршрутта 15 автобус бар.
Бүгүн тесттик тартипте анын сегизи жолго чыкканы маалым болду.
Кечээ "Чыгыш автобекети — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы" багыты боюнча №2 автобустук маршрут ишке киргизилгени кабарланган.