Садыр Жапаров Пашинянды кабыл алды. Талкууланган маселелер

Садыр Жапаров Пашинянды мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо партиясынын жеңип чыгышы менен куттуктап, быйыл Кыргызстан менен Армения эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын эске салды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Эки тараптуу жолугушуу Чолпон-Атадагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында ишке ашты.

Садыр Жапаров Пашинянды кабыл алды. Талкууланган маселелер

Садыр Жапаров Пашинянды мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо партиясынын жеңип чыгышы менен куттуктап, быйыл Кыргызстан менен Армения эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын эске салган.

Мамлекет башчы эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алаканы жакшыртып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө бардык шарттар бар экенин дагы белгилеген.

"Президент соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүү маанилүү экенин айтты. Садыр Жапаров ЕАЭБдин алкагындагы кызматташуу жөнүндө сүйлөп жатып кыргыз тарап евразиялык интеграцияга өзгөчө маани берерин белгиледи. Президенттин айтымында, биримдиктин алкагында жалпы эмгек рыногун түзүү боюнча максаттуу иш алып барууну улантуу керек", — деди маалымат кызматы.

Ысык-Көлгө Россия менен Казакстандын премьерлери Мишустин жана Мамин келди. Сүрөт
Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Садыр Жапаров менен алгачкы жолу көзмө-көз жолугуп жатканын айтып, президенттин ишине ийгилик каалаган.

"ЕАЭБ соода-экономикалык мамилелерди жакшыртууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Мындан улам Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы товар жүгүртүүнү өнүктүрүү зарыл", — деди Пашинян.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун бирдиктүү өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүү демилгесин колдоп, жакынкы аралыкта комиссиянын теңтөрагасын дайындай турганын билдирди.