Ат-Башыда оодарылып кеткен унаадагы бир киши каза таап, экөө жабыркады

Көз жумган эркек киши 35 жашта болгон. Жабыркаган 36 жана 35 жаштагы эки адам Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда жол кырсыгынан бир киши көз жумуп, дагы эки киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Корумдуда үч унаа кагышкан кырсыктан эки адам көз жумуп, сегизи ооруканага түштү
Каргаша Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган. Анда Ford Mondeo унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткени айтылат.

Көз жумган Ү.Б. 35 жашта болгон. Жабыркагандар 36 жаштагы Т.Т. менен 35 жаштагы И.А. Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ага беш куткаруучу тартылган.