Кыргызстандыктар августтун аягында удаасы менен төрт күн эс алышат

Жылдын аягына чейин узак эс алуу күндөр эки гана жолу, жай айынын аягында жана күзүндө болот. Кыргызстандыктар удаасы менен төрт күндөн эс алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Август айынын этегинде кыргызстандыктар өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу төрт күн удаасы менен эс алышат.

Сентябрда күн сууктайбы? Күздүн алгачкы айына карата аба ырайы
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 28 жана 29-август (ишемби жана жекшемби) күндөрү менен кошо 30 жана 31-август эс алуу күнү деп аныкталган.

30-август жумуш күн болмок, бирок анын ордуна кыргызстандыктар 10-май күнү иштешкен (9-май майрам күнү жекшембиге туш келгендигине байланыштуу бул күн дем алыш болушу керек). Министрлер кабинети анда эс алуу күнүн августка жылдырган болчу.

Күзүндө дагы төрт күндүк эс алуу болору жылдык календарда көрсөтүлгөн.