Өлкөдө эмне себептен улутчулдук гүлдөп, орус тилдүү калктын укугу тебеленип, бийлик радикалдарга мынчалык таянып жатканы тууралуу Sputnik материалынан окууга болот.
"Россия эмес" концепциясы кризиске такады
30 жыл аралыгында Украина мамлекет катары түптөлө алган жок дейт РФ өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин Массалык коммуникация жана медиабизнес департаментинин доценти Геворг Мирзаян. Буга мамлекет түзүүнүн одоно форматы жана "Украина — Россия эмес" деген бардык тармакта Россияга каршы турууга багытталган жасалма концепция себеп.
Советтер Союзу урагандан кийин Россия, Армения, Грузия, Литва жана Молдова гана ээлеген аймагынын алкагында мамлекеттүүлүктүн карт тарыхы бар өлкөлөр болчу. Калган республикалар СССР убагында түзүлгөн, алардын бири — Украина.
"Беларустар менен казактардай болуп жарандык улуттун негизинде мамлекеттүүлүктү түзүүгө болот эле. Анткени алар аймагында көп улуттун өкүлдөрү, тили, дини бөлөк элдер жашай турганын жакшы түшүнүшкөн. Украиналыктар көп улуттуу мамлекет куруунун ордуна "Россия эмес" дегенден алыс кете албай, орустардан оолак экенин ар тараптуу көрсөтүүгө аракет кылды", — деди эксперт.
"Майдандан соң Украина бийлиги бул туура эмес саясатын күчөттү. Владимир Путин айткандай, алар "Россия эмес" болуп тим болбостон "Антироссия" кура башташты. Башкача айтканда, оруска тиешелүүүгүн эле четке какпастан орус деген нерсенин баарына каршы турган мамлекет курула баштады", — деди Мирзаян.
Анын айтымында, мындай саясаттын жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок: Украинада деиндустриализация, депопуляция күч алып, жарандык согуш жүрүп, экономикалык каатчылыкка кабылды.
Орустардын геноциди
Украинанын мамлекеттик суверенитети жөнүндөгү декларацияда Украина ССРинде тегине, улутуна, билимине, тилине, саясий көз карашына жана жашаган жерине карабай бардык адамдар мыйзам алдында тең укуктуу экени айтылган глава бар. Бирок иш жүзүндө бул жобо таптакыр унуткарылып калганын Донбасстын Кинематография союзунун төрагасы Роман Разум айтты.
"Орус тилдүү калктын укугу тебеленүүдө. Орус балдар орус мектепте окуп, эне тилин үйрөнө албай калды. Орус тасмалары менен ырларына тыюу салынган. 2014-жылга чейин тең укуктуулук сакталып турат деп айтууга болор эле, бирок мамлекеттик төңкөрүштөн кийин жарандык согуш башталып, абал начарлап кетти", — деди маектеш.
Ал эми Украинанын Башкы прокуратурасы жергиликтүү бийликтин орус тилинин регионалдык макамы тууралуу чечимин улам жоюп келет. Анын "Кивалов — Колесниченко мыйзамы" деп аталган ченемдин негизинде кабыл алынары маалым. Аталган мыйзамды "майданчылардын" жеңишинен соң дароо жок кылууга ниеттенишкен, акыры 2018-жылдын мартына "антиконституциялык" деп таап жандары тынган.
2021-жылдын июлунда президент Владимир Зеленскийдин айтуусу менен түпкү элдер тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган. Бирок ага орустар кирген эмес.
"Мунун баарын орус тилдүү калктын геноциди деп айтууга болот. Мындан тышкары, орустардын саны азайып жатат. Жарандык согуштан кийин көбү өлкөдөн чыгып кеткен", — деди Разум.
РФ президентинин администрациясы берген маалыматка ылайык, 2016-жылдан 2020-жылга чейин Украинанын миллионго чукул жараны Россия жарандыгын алган. РФ ИИМинин статистикасы боюнча, 2020-жылы Россия паспортун алган чет элдиктердин 62 пайызы — украиналыктар.
Жашаган жерине карап жектөө
Азыр "жашаган жерине карап" дискриминацияга жол бербөө боюнча конституциялык норманын Донбасстын жашоочуларына тиешеси жок болуп турган маалы. 2014-жылдын 1-декабрынан баштап президент Петр Порошенконун жарлыгына ылайык, Донбасстын Киевге баш ийбеген бөлүгү финансылык, экономикалык жана транспорттук блокадага тушуккан. Тиешелүү жөлөк пул, пенсия алуу үчүн жергиликтүү тургундар "көзөмөлдөгү аймакка" барууга тийиш. Бул дээрлик мүмкүн эмес.
"Украинада өткөн президенттик шайлоого катыштырышкан жок. Пенсия курагындагы адамдар калктын катуу жабыр тарткан катмары болуп калды. Өлкөгө кирип, акчасын алуу үчүн чек арада суткалап кезек күтүп турушат", — деди Разум.
Улутчулдар улуттук баатырга айланып
Геворг Мирзаян улутчулдук — "Антироссия" саясатынын авангарды деп эсептейт. Дал ушул күч түзүмдөрү орус иденттүүлүгүн сактап жүргөндөрдү эл алдында кордоп келишет.
Эксперттин айтымында, мындай саясат коомчулукту, мамлекеттүүлүктү деградацияга кептеп, системалуу көйгөйлөрдү жаратат. Бул өз кезегинде Украинанын жок болушун шарттайт.