Бишкекте пилотсуз учак чыгаруу, долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды

Кыргызстанда коммерциялык негизде пилотсуз учуучу аппараттарды иштеп чыккан жана өндүргөн бир ишкана бар. Кыргыз тарап ЕАЭБдин авиация тармагындагы жаңы кадамдарына кызыкдар экени белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян Бишкекте экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков менен жолугушту. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстанда пилотсуз учуучу аппарат чыгарган компания түзүлөт
Анда Евразия кызматташтыгынын долбоорлорун жеңилдетилген түрдө каржылоо маселеси каралган. Камалян биргелешкен ишканаларды түзүүдө жана жаңы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда бул маанилүү экенин айткан.

Ошондой эле ЕЭК министри 2021-2025-жылдары ЕАЭБ өлкөлөрүндө жарандык аба транспорттору тармагында өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу тууралуу кеп кылган.

Аталган комиссия белгилегендей, Кыргызстанда коммерциялык негизде пилотсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча бир нече ишкана бар, ошондуктан кыргыз тарап ЕАЭБдин авиация тармагындагы жаңы кадамдарына кызыкдар.

"Комиссия кызматташууга кызыкдар болгон авиация жана ага тийиштүү тармактардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт, ошондой эле пилотсуз учуучу аппараттарды чыгарууга жардамдашат", — деген Камалян.

Айыл чарба министри ЕАЭБ өлкөлөрүнүн органикалык айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жалпы рыногун түзүү боюнча жол картасынын долбоорунун иштелип жатышы бир топ жеңилдиктерди алып келерин белгилеген.

Акылбек Жапаров Кыргызстандагы ишканалар ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен бардык тармак боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирген.