АКШ Афганистандагы операцияга күн сайын 300 млн. доллар сарптап турганы айтылды

Муну менен Америка 20 жылда региондогу контингентин камсыздоого эки триллион доллардан ашуун короткон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. АКШ Афганистандагы 20 жылдык операцияга күн сайын 300 миллион доллар сарптап турган. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал мындай билдирүүнү ЕБдин региондогу кырдаал боюнча комитетинин жыйынында жасаган. Муну менен Америка Афганистандагы контингентин камсыздоого короткон каражатынын суммасы эки триллион доллардан ашты.

Боррель ошого карабай ич жылытаарлык жыйынтык болбоду деген пикирин айткан.

"Бийлик алмашуу афган эли үчүн да, башка мамлекеттер үчүн да чыныгы катастрофа болуп калды. Мындай жагдай баарына, анын ичинде "Талибандын" өзүнө да күтүүсүз болду", — деп айткан Боррель.

Афганистандагы кырдаал

Афганистан: окуя чордону Кабулдабы же Панджшердеби?
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.