Талибдер Нангархар провинциясында митингге чыккандарды көздөй ок атты

Афганистандын улуттук желегин колдоп чогулган митингдин катышуучуларынын арасында жаракат алгандан тышкары көз жумгандар бар экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын мүчөлөрү Нангархар провинциясында Афганистандын улуттук желегин колдоп чогулган митингдин катышуучуларына ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новостиге жергиликтүү жашоочулардын бири кабарлаган.

Дагы бир ишенимдүү адам, саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлү эки адам каза болуп, 12 киши жаракат алганын билдирди.

Талибдерге каршы согушкан акыркы адам. Вице-президент тууралуу 9 факт
Афганистанда абал акыркы аптада, талибдер өлкөнүн бардык аймагына чабуул жасап, чек араны ээлеп, 15-августта Кабулду басып алгандан кийин курчуп кетти. Президент Ашраф Гани "кан төгүүгө жол бербөө үчүн" өлкөдөн чыгып кеткен. 16-августка караган түнү талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктаганын, жакын арада башкаруу формасы белгилүү болорун айткан. Чет элдик кызматкерлер жана чет элдик миссия менен иштеген афгандыктар жападан жалгыз Кабулдагы аэропорт аркылуу эвакуацияланып жатат.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.