Кыргызстандын волейболчу кыз-жигиттери Тажикстанды караандатпай утуп алды

Кыз-келиндер дагы, эркектер дагы Тажикстандын волейболчуларын 3:0 эсеби менен утуп, бир дагы жеңишти колдон чыгарган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионатында Кыргызстан командасы Тажикстанды караандатпай утуп алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан билдирди.

Үмүтү таш каап... Оккупацияланган аймакта санаалаштарды сайга таштаган аракет
Маалыматка ылайык, бүгүн мелдештин экинчи туру өтүп, өлкөнүн эркектер командасы тажикстандык волейболчуларды 3:0 эсеби менен жеңди. Ага улай эле кыз-келиндер командасы да Тажикстанды 3:0 менен утуп алды.

Кечээ биринчи турда улуттук команданын эркектери Казакстанга 3:2, кыз-келиндери 3:1 эсеби менен утулуп калган. Эртең Өзбекстандын волейболчулары менен беттешет.

Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионаты Өзбекстандын Фергана шаарында өтүп жатат.