Оюн кайнап жатканда футбол талаасына чуркап чыккан наристе. Видео

АКШда футболчулар топтун аркасынан чуркап, оюн кызып турганда трибунада энеси менен отурган эки жашар бала чуркап чыга калган. Видео социалдык тармакка желдей тарады.
Sputnik

Fox News телеканалынын билдиришинче, окуя "Цинциннати" менен "Орландо Сити" командасы беттешип жатканда болду.

Видеодон бала эң алдыңкы трибунадагы тосмодон жөрмөлөп өтүп, талаага чуркап чыгып кеткенин көрүүгө болот. Энеси дароо чуркап чыгып, кармайм деп жатып өзү сыйгаланып жыгылып түшкөн. Бирок бат эле ордунан туруп, оюн аянтчасынан чыгып кетишкен. Бул учур көрүүчүлөрдүн, кийин интернет колдонуучуларынын көңүлүн бурган.

Аял журналисттерге берген маегинде баласына топ тийип же футболчулар коюп кетпесе экен деп катуу коркконун айткан.

Ал уулу кичинекей болгонуна карабастан футболдун чоң күйөрманы экенин, топту көргөндө абдан сүйүнөрүн кошумчалаган. Ошондой эле баласы үчкө толсо футбол секциясына алып барарын билдирген.