Афганистандагы кыргыз дипломаттары эвакуацияланабы? Элчинин жообу

Буга чейин элчи Кыргызстандын 15 жараны Афганистандан кайтарылып жатканын айткан. Жарандар АКШнын колдоосу менен Алматыга жеткирилет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Афганистандагы Кыргызстандын элчилиги ишин уланта берет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине элчи Мирослав Ниязов кабарлады.

Анын айтымында, дипломаттар ал жакта калып, милдеттерин аткара бермекчи.

"Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетсе эвакуацияланышат. Азыр андай нерсе күтүлгөн жок, кызматкерлер талибдер менен байланышта, абал туруктуу. Этникалык кыргыздар тууралуу айта турган болсок, алар туруктуу жашаган жерлеринде, өмүрлөрүнө коркунуч жок", — деди Ниязов.

Буга чейин элчи Кыргызстандын 15 жараны Афганистандан кайтарылып жатканын айткан. Жарандар АКШнын колдоосу менен Алматыга жеткирилет.

Талибдерге каршы согушкан акыркы адам. Вице-президент тууралуу 9 факт
Андан мурун ТИМ Афганистандан тогуз кыргызстандыкты чыгарып кеткенин маалымдаган. Алардын бардыгы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеп келген.

Афганистанда абал акыркы аптада, талибдер өлкөнүн бардык аймагына чабуул жасап, чек араны ээлеп, 15-августта Кабулду басып алгандан кийин курчуп кетти. Президент Ашраф Гани "кан төгүүгө жол бербөө үчүн" өлкөдөн чыгып кеткен. 16-августка караган түнү талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктаганын, жакын арада башкаруу формасы белгилүү болорун айткан. Чет элдик кызматкерлер жана чет элдик миссия менен иштеген афгандыктар жападан жалгыз Кабулдагы аэропорт аркылуу эвакуацияланып жатат.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.