Гинцбург "Спутник Лайт" менен Pfizer эң сонун айкалышарын айтты

Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасы Россияда май айында каттоого алынган. Анын эффективдүүлүгү 79,4 пайызга жетет. Эки ийне сайдырууну талап кылган башка вакциналарга салыштырмалуу таасири жогору препарат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Спутник Лайт" менен Pfizer вакциналарын чогуу колдонсо болот, экөө эң сонун айкалышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург билдирди. 

Буга чейин Россиянын түз инвестициялар боюнча фонду Pfizer вакцинасын "Спутник Лайт" менен колдонуу боюнча бирдиктүү сыноолорду жүргүзүүнү сунуштаганы кабарланган.

"Вакциналар бири-бири менен эң жакшы айкалышат", — деди Гинцбург.

Өзбекстан "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясын чыгарды
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасы Россияда май айында каттоого алыган. Анын эффективдүүлүгү 79,4 пайыз, эки ийне сайдырууну талап кылган башка вакциналарга салыштырмалуу таасири жогору. Бул препаратты колдонгондон кийин оор кесепет менен коштолгон бир дагы учур катталган эмес.

Pfizer/BioNTech вакцинасын 2020-жылдын 11-декабрында АКШ, 21-декабрда Европа биримдиги жактырган. Ал эми 31-декабрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) өзгөчө кырдаалдарда колдонууга болот деп бекиткен. Препарат ДССУ жактырган биринчи вакцина болуп саналат.