Улукбек Марипов паралимпиадачыларды кабыл алып, желек тапшырды. Сүрөт

Токиодо оюндар бир жумадан кийин старт алат. Ага ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн Паралимпиада боюнча улуттук курама командасын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Марипов спортчуларга мелдешке ийгиликтүү катышып, жеңиштерге жетишин каалады. Ошондой эле Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго өлкө желегин тапшырган.

"Спорт адамдарды бириктирип, эрктүү кылып, бардык кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Сиздер аны мелдештерге катышып далилдедиңиздер. Алдыда боло турган Паралимпиада оюндарында бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт, ийгилик каалайбыз", — деген өкмөт башчы.

КР тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу кыз Паралимпиадага жолдомо алды
Эске салсак, Токиодо 24-августтан 5-сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар өтөт. Ага ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат.

Буга чейин Паралимпиада оюндарына катыша турган делегацияга мамлекет тарабынан форма берилбей жатканы айтылган. Тагыраагы, спортчуларга, машыктыруучуларына бир гана параддык форма берилип, мелдешке чыкканда, машыгууга, күнүмдүк шартта жана жамгырда кийгенге ылайыктуу кийим берилген эмес. Ошондой эле квота маселеси да жаралган.