Кабул "америкалык кыялы" менен кош айтышууда: жихад уланып жатат

Афганистан көп кылымдык тарыхындагы эң оор капсалаңды башынан кечирүүдө. АКШ жана альянстын күчтөрү чыгарыла баштагандан кийин болгону төрт айдай гана туруштук бере алды.
Sputnik

Талибдер 16-августта жеңгенин жана жыйырма жылдык согуштун аяктаганын жар салды, бирок өлкөдөгү зордук-зомбулук "жихаддын" уланып жатканын тастыктайт. Афганистандагы аскердик-саясий олку-солку абал чектешкен Борбор Азия өлкөлөрүнө жаңы кооптуулуктарды жаратат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жаатында жана алардын алдын алуу боюнча союздаштардын аракеттерине кеңири токтолгон.

ЖККУга мүчө мамлекеттер коопсуздук коркунучтарына, атап айтканда, качкындардын агымы, маңзат трафиги, экстремисттик идеологиянын жайылышы жана чек арадагы куралдуу чагымчылдыктарга тийиштүү чара көрүүгө даяр.

Талибдер өткөн ишемби жана жекшемби күндөрү Афганистандын он бештен ашуун административдик борборлорун басып алышты. Бүгүнкү күндө бардык ири шаарлар, анын ичинде баш калаа – Кабул да алардын көзөмөлүндө (15-августта алынды).

ЖМК: "Талибан"* мунапыс жарыялап, бардык аткаминерлерди ишке кайтууга чакырды
Афган ислам республикасынын президенти Ашраф Гани учак менен өлкөдөн чыгып кетти, жападан жалгыз афган маршалы Абдул Рашид Дустум да өлкөдө жок. 16-августтун күүгүмүнө карата маалыматтарда Ганинин да, Дустумдун да кайда экени тууралуу расмий тастыктоо болгон жок. Борбор азиялык үч өлкө – Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан Афганистандын мурдагы президенти менен лайнер алардын аймагына конбогонун билдирди.

Ал ортодо Афганистандагы жеңишке жетишкен "жихад" бөлөк өлкөлөрдөгү террорчуларга ишмердигин кеңейтип, бийликти басып алууга шыктандырышы ыктымал.

70 миллиард доллар жумшалган Афган ислам республикасынын өкмөттүк армиясы жана мамлекеттик коопсуздук тутуму иш жүзүндө НАТОнун стандарттарына ылайык дүйнөдө эң мыкты даярдыктагы күч деген миф менен бирге кыйрап калды.

Согушкерлердин тарабына афган армиясынын америкалыктар тарабынан окутулган жогорку деңгээлдеги бир нече офицери да өтүп кетти. Талибдер президенттик ордодо өз туусун көтөрүп, Афганистан ислам эмирлигинин түптөлгөнү тууралуу жарыялоого кам көрүүдө. Анткен менен дүйнөлүк коомчулуктун көпчүлүгү аны дароо эле кабылдары арсар.

Ушул тапта Афганистанда этникалык тажиктер жерлеген Панжшер провинциясы гана "Талибанга"* каршылык көрсөтүүдө. Өлкөдөгү коопсуздук төмөнкү чектен да ылдый деңгээлде. Кантсе да террордук уюмдун табияты согуш эмеспи. БУУ, Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө талибдердин азырынча мындан башка макамы жоктугун белгилей кетели. Афганистан жаатында тарыхый оптимизмге да негиз байкалбайт.

"Талибан"* исламчыл атаандаштары "Аль-Каида"* жана "Ислам мамлекети – Хорасан"* менен күрөшө турган болсо деле согуштук аракеттер бир топ жылга созулат.

Ислам эмирлигинин мамлекеттик структурасына "Талибандын"* согушкерлеринин интеграцияланышы бир катар белгисиз татаалдыктар менен аз изилденген технология. Орто жаштагы афгандыктар талибдер бийликке келип, "жаңы тартибин" орноткон 1996 – 2001-жылдардагы ойго келбес мыкаачылыктарын унутуша элек.

Кабулдагы дүрбөлөң

Ушул тапта жамааттык Батыш, Пентагон жана НАТОнун эң чоң геосаясий жеңилишине жана кемсинишине күбө болуп турабыз. Кабул ислам демократиясы жөнүндөгү "америкалык кыялы" менен биротоло кош айтышып, кайрадан орто кылымдык эмирликке сүңгүп барат. Ал эми Брюсселдегилер таасир эте алчудай дале Афганистандагы кырдаалды талкуулаганын коё элек. АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Канада жана Батыштын башка өлкөлөрү Афганистандан өз элчиликтерин шашылыш чыгарып кетүүдө. Пентагон ырааттуулук менен "куткаруучулардын" күчүн көбөйтүп, америкалык дипломаттарды чыгарып кетүүгө 6000 аскер тартылган. Бул мурда болжонгондон эки эсеге көп.

Афганистандагы элчи: КР дипломаттары талибдер менен байланышка чыкты
АКШ армиясынын тик учактары кеңири элчилик комплекстин персоналын Кабулдун борборунан аэропортко ташууда. Вашингтон өз элчилигин толук көчүрүүгө жана атайын иммиграциялык виза алууга укуктуу союздаштарын (афган) ташууга 72 саат бөлгөн. Калган коллаборационисттерди күткөн тагдыр кейиштүү. Бул өкмөттүк күчтөрдүн 350 миң аскерине да тиешелүү, аларга азырынча үйлөрүнө тарап кетүүгө уруксат беришти.

Кабулдагы жана Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропорттогу кырдаал жүрөк тилет: миңдеген афгандыктар өлкөдөн учуп кете албай турушат, антпесе америкалыктар менен кызматташкандыгы үчүн талибдердин колунда жан берери турулуу иш. Кабулдан тышка жасалчу коммерциялык каттамдардын баары токтотулган, мезгил-мезгили менен аэропортто ок атылууда. Жай жарандардын арасында набыт болгондор бар.

Пентагондун өкүлдөрүнөн сырткары Улуу Британия, Түркия жана Азербайжан аскер кызматкерлери учуш тилкесиндеги тартипти сактоого аракет кылууда. Талибдер азырынча качкындарга учуп кетүүгө мүмкүндүк бергендей, бирок Кабулдун аэропортунда чет өлкөлүк күчтөрдүн болушу көпкө узабайт.

Согушкерлер өкмөттүк күчтөрдүн ири аскердик базаларын жана арсеналдарын тартып алган, азыр алар курал-жарактын бардык түрүнө, анын ичинде сокку уруучу учак жана тик учактарга да ээлик кылышат. Ар кандай маалыматтар боюнча, азыр "Талибандын"* 75 миңден 120 миңге чейинки колу бар.

АКШнын афгандык союздаштары алдангандай сезимде калышты. The Washington Post талибдердин бийликке мынчалык умтулушунан улам дүйнө жүзүндө союздаштарынын коопсуздугуна берилген америкалык кепилдиктердин бекемдиги шек туудурат (бул көрүнүш Россиянын Сириядагы өз союздаштарына көрсөткөн чоң колдоосунан таптакыр айырмаланат). Үрөйү учкан Батыш афган качкындарынын жаңы толкунун күтүүдө.

ЖККУ күчтөрүн топтоодо

Борбор Азия өлкөлөрү жана Россияга афган багытындагы коркунучтардын мизин кайтаруунун аскердик инструменттери талап кылынышы ыктымал. Талибдердин жеңиши орто мөөнөттүк келечекте чектешкен мамлекеттерде, айрыкча аталган кыймылдын идеологиялык тарапташтары көп Тажикстанда террордук активдүүлүктүн өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Жакын арада тажик-афган чек арасында өтө турган ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн окууларына даярдык жүрүүдө. ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась 16-августта Афганистан боюнча билдирүү жасады. Андагы негизги ойлорго токтолсок:

  • өлкөдөгү бийликтин алмашышы ЖККУнун Борбор Азия чөлкөмүндөгү жамааттык коопсуздук кырдаалына кыйла таасир этет;
  • уюм тажик-афган чек арасындагы абалга тыкыр көз салууда, негизги артыкчылык – ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун камсыздоо;
  • тажик күч структуралары чек арадагы жагдайды толук көзөмөлдөөдө, ЖККУнун механизмдерин киргизүүнүн азырынча зарылдыгы жок;
  • кырдаал курчуп кетип жана Тажик Республикасынын коопсуздугуна коркунуч жаралса союздашка көмөктөшүү үчүн бардык тийиштүү жамааттык чаралар көрүлмөкчү;
  • ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн окууларына даярдык жүрүүдө, алар жакынкы айларда тажик-афган чек арасына жакын жерде өткөрүлөт;
  • сентябрдын ортосунда Душанбе шаарында өтө турган ЖККУнун сессиясында талкуулана турган негизги маселелердин бири Афганистандын тегерегиндеги жагдай болмокчу.

Афганистандагы кырдаалдын курчушунан улам Казакстандын куралдуу күчтөрү, эң оболу атайын операциялар күчтөрүнүн, фронттук жана аскердик-транспорттук авиациясынын, абадан коргонуу тутумунун бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипке өттү. Күнү-түнү күчтөрдүн жана каражаттардын нөөмөтү уюштурулду. Коопсуздуктун мындай кошумча чаралары чөлкөмдөгү (ЖККУ тышындагы да) бардык мамлекеттерге тиешелүү.

Дүйнө Афганистанда өз тагдырын көргөндөй болду. Ой толгоо
Өзбекстан Термездеги көзөмөл-текшерүү пункту аркылуу талибдерден качкан 84 афган аскерин кабыл алып, андан соң чек араны мыйзамсыз кесип өткөн афган аскер-аба күчтөрүнүн учактарын тегин жерден атып түшүрбөдү. Ташкент тынчы жок коңшуларынын курал-жарагынын кеңири спектрин жана болжолдуу аракеттерин эсепке алууга милдеттүү. Айтмакчы, талибдердин тарабына бир нече аскердик тик учактардын экипажы да өткөн.

Россиялык Борбордук аскердик округдун командачысы Александр Лапин "Тынчтык миссиясы – 2021" окууларына полигондук базанын даярдыгын текшерүүдө. Анын жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун күчтөрүнүн коалициялык тобу террорго каршы операциялар тапшырмаларын аткарууга машыгат.

"Талибан"* кыймылынын өкүлү Афганистандын баш калаасындагы россиялык элчиликке эч кандай коркунуч туулбай турганын билдирди. Ошентсе да Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабуловдун айтымында, Москва бул топтун режимин таанууга ашыкпайт. "Аларды таануу боюнча биз эч кайда шашпайбыз. Режим өзүн кандай алып-жүрөрүн байкайбыз".

Борбор Азия өлкөлөрү жана Россияга көйгөйлүү коңшу менен жашоого туура келет. "Талибан"* башка террордук уюмдар менен кызуу кызматташары маалым. Бул афган согушунун "баарынын баарына каршы" мүнөзүндө уланышына негиз болушу мүмкүн...

*”Талибан” – Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.