Зилзала, сел, согушкерлер. Апта ичинде дүйнөнү селт эттирген апааттардын сүрөттөрү

Sputnik

"Алтын топ" сыйлыгынын ээси, аргентиналык Лионель Месси Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубуна өттү.

Апта ичинде жүрөк үшүн алган бир нече жаратылыш кырсыгы катталды. Алардын бири Гаитидеги жер титирөө. Күчү 7,2 баллга жеткен жер силкинүүдөн 1000ден ашык адам каза болду.

Бишкекте Россиянын маданият күндөрү кандай өтүп жатат. 15 мыкты сүрөт
Түркияда кайрадан апаат болуп, Кара деңиз жээги тарабында суу ташкындап, Синоп, Бартын, Карабүк жана Кастамону аймактарын сел каптады. Жаратылыш кырсыгы 38 адамдын өмүрүн алып, бир нече имараттар талкаланган.

Нью-Йоркто мажбурлап вакцина сайдырууга каршы болгондор митингге чыгышты.

Россия Өзбекстан, Тажикстан менен биргеликте Афганистанга жакын аймакта машыгуу өткөрдү.

Андан көп өтпөй "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Кабулдагы президенттин сарайын басып кирип, бийликти колго алганын жар салышты.

1 / 15
"Алтын топ" сыйлыгынын ээси, аргентиналык Лионель Месси Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубуна өттү
2 / 15
Индонезияда коронавируска каршы вакцина алуу үчүн узун кезекке турган элдин асмандан көрүнүшү
3 / 15
Мехиконун Сокало аянтындагы бети боёлгон бөбөк
4 / 15
Апта ичинде жүрөк үшүн алган бир нече жаратылыш кырсыгы катталды. Алардын бири Гаитидеги жер титирөө. Күчү 7,2 баллга жеткен жер силкинүүдөн 1000ден ашык адам каза болду. Сүрөттө көз жумган кыздын жакындары
5 / 15
Мажбурлап вакцина сайдырууга каршы чыккандардын Нью-Йорктогу митинги
6 / 15
Түркияда кайрадан апаат. Бул мамлекеттин Кара деңиз жээги тарабында суу ташкындап, Синоп, Бартын, Карабүк жана Кастамону аймактарын сел каптады. Жаратылыш кырсыгы 38 адамдын өмүрүн алып, бир нече имараттар талкаланган
7 / 15
Филадельфиядагы Concourse Dance Bar түнкү клубу. Коронавируска каршы эмдөө алгандыгы тууралуу сертификатты көрсөтүп клубга киргендер бийлеп жатышат
8 / 15
Россиянын Өзбекстан, Тажикстан менен биргеликте Афганистанга жакын аймакта өткөргөн машыгуусу
9 / 15
Афганистандын Лагман провинциясында автоунаанын үстүндө отурган "Талибан"* кыймылынын согушкерлери. Алар Кабулдагы президенттин сарайын басып кирип, бийликти колго алганын жар салышты
10 / 15
Бразилиядагы полиция менен митингчилердин кагылышуусу. Окуя президенттин сарайынын алдында аскердик парад өтүп жатканда болгон
11 / 15
Индонезиянын Банда-Ачех шаарын да суу каптаган
12 / 15
Крымда тынбай жааган жаандан көчөлөрдү суу каптап, жөө адам, автоунаа жүрүүгө мүмкүн болбой калган. Сүрөттөн аялдамада тизесине чейин суу кечип турган кызды көрүүгө болот
13 / 15
Санкт-петербургдук "Колесо" фольк-шоу-группасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын сахнасында программа тартуулап жатат
14 / 15
Түндүк Виргиниядагы жабыла учкан топ жылдыз
15 / 15
Сицилиядагы Этна деп аталган вулкандан кийин күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган