Тез сиңген углеводдор семиртпейт. Окумуштуулар себебин айтты

Гликемикалык индекси жогору азыктарды туура колдонуу, тескерисинче, салмакты калыбында кармап, ар кандай ооруларды алдын алары аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Аризона университетинин окумуштуулары тез сиңген углеводдорду колдонуу менен ашыкча салмактын байланышын жокко чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ичегини жакшы иштетип, бетти тазартат. Организмге пайдалуу азык аталды
Адистердин билдиргенине караганда, гликемикалык индекси жогору азыктар (тез сиңчү углеводдор) адамдын салмагына таасирин тийгизбейт. Аларга курма, ак нан, күрүч, бал жана картошка кирет. Гликемикалык индекси азыраактардын катарын кызыл буурчак, жашылча жана жапайы күрүч толуктайт.

Окумуштуулар статистикалык маалыматтарды анализдеп, эки миллиондон ашуун кишинин салмагынын индексин салыштырып чыгышкан. Натыйжада гликемикалык индекси жогору адамдар толуп кетпээрин, тез сиңген углеводдорду туура колдонуу, тескерисинче, салмакты өз калыбында кармап, ар кандай ооруларды алдын алары аныкталган.

Адистер азыктарды колдонууда тең салмактуулук болушу керектигин кошумчалаган. Маселен, дан азыктары менен углеводдорду аралаштыруу керек. Бирөөсү кеч, бирөөсү бат сиңери маалым.