Самолётко жармашып кетем деп учуп өлгөн афгандыктар. Аэропорттогу видео

Кадрлардын биринен абага көтөрүлүп жаткан самолёттун эшигине жармашып алган кишилерди көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Социалдык тармактарда Кабул аэропортунан тартылган таң калычтуу кадрлар тарап жатат. Видеодон Афганистандын жарандары кандай жол менен болсо да өлкөдөн чыгып кетүүгө жандалбастап, самолёттун дөңгөлөгүнө жармашып кетүүгө, астын тосуп чыгып токтотууга аракет кылууда.

​Кадрлардын биринен абага көтөрүлүп жаткан самолёттун эшигинин жанына жармашып алган афгандыктарды көрүүгө болот. Башкалары шассини кармап учуп кетүүгө аракет кылышкан. Бул видеону Афганистандын Aśvaka маалымат агенттиги Twitter баракчасына жүктөдү. Андан соң басылма шассиге жармашып алган эки адам учуп түшкөнүн тастыктады.

​Аны менен катар АКШ учагынын эшигинин жанына отуруп алган үч адам үйдүн үстүнө түшкөнү маалымдалды. Алардын баары мерт болгон.

​Дагы бир роликте афгандар учуп-конуу тилкесинде АКШнын учагын көздөй чуркап баратканын көрүүгө болот. Бир нече адам ордунан жылып жаткан аба кемесине жармашып бараткан.

Белгилей кетсек, талибдер борбор калааны басып алгандан кийин Кабул аэропорту чыр-чатактын чордонуна айланды. Миңдеген жарандар жардам сурап өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылууда.